Бишкектеги жаңы жылдык балатыга 15 млн сом сарпталыптыр. Анын канчасы кайда кеткенин, эмне болгонун эсептебей эле коёлу. Болгону бизге ошончо кымбат балатынын кереги бар беле деген суроо туулат. Ошол 15 млн сомдун жарымына көчөдө балдары менен кайыр сурап жүргөн жалгыз бой аялга үй алып берип коюшса болот беле? Албетте болот болчу. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болуп, чындыкты айтса чычалап отурасыңар. Кайран гана асманга сапырылган миллиондор.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ