Menu

Акыйкатчы жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоору демилгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Демилгечилердин бири депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу зарылчылыгы колдонуудагы «КР Акыйкатчысы жөнүндө» мыйзамдын, Конституциянын, башка ченемдик укуктук актылардын ченемдеринде болгон, көрсөтүлгөн мыйзамды колдонуу практикасынын натыйжасында табылган карама-каршылыктарга байланыштуу. Ошондой эле көрсөтүлгөн мыйзамдын ченемдерин өркүндөтүү жана аларды ар кандай мамлекеттерде адамдын укуктарын коргоону жүзөгө ашырган улуттук мекемелерге тиешелүү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында келип чыккан.

Мыйзам долбоор КР Акыйкатчысын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, анын укуктук статусун, ыйгарым укуктарын, ишин уюштурууну жана тартибин, ошондой эле мамлекеттик жана башка органдар жана уюмдар менен өз ара мамилелерин тактаган редакциялык түзөтүүлөрдү киргизет. Тагыраак айтканда, Акыйкатчынын көз карандылыгын камсыздоого багытталган.

Мыйзамдын колдонуудагы редакциясы Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлерге так талаптарды камтыбайт. Маселен, мыйзамда билим цензине талаптар жок. Ошол эле учурда, бул критерийлер кыйла олуттуу болуп саналат жана Акыйкатчынын ишинин натыйжалуулугуна жана сапатына таасир этиши мүмкүн. Мыйзам долбоор Акыйкатчынын ишинин принциптерин жана негизги багыттарын алда канча так аныктайт. Акыйкатчынын кызмат ордун саясатташтырууну жана ага ар кандай саясий күчтөрдүн таасирин жокко чыгаруу максатында төмөнкүдөй талаптар каралат: ага ылайык Акыйкатчы жана анын орун басарлары саясий партияларда турууга, кандайдыр-бир саясий партияларды колдоп же ага каршы чыгууга укуксуз.

Талкууда депутат Сайдулла Нышанов аракеттеги мыйзамда ченемдер туура, так белгиленгендигин айтып, жаңы мыйзам долбоорунун зарылчылыгы жоктугун билдирди. “Парламент адам укуктарынын корголушу боюнча көзөмөлүн Акыйкатчы институту аркылуу ишке ашырат деген ченемди унутпашыбыз керек. Ошол эле маалда Акыйкатчынын жоопкерчилиги да болушу керек”,- дейт депутат Канатбек Керезбеков. Мындай пикирди улаган депутат Дастан Бекешев эгер Акыйкатчы институту таптакыр эле парламенттен көз карандысыз болуп калса да болбостугуна өз жүйөөлөрүн келтирип, бул багытта айрым механизмдерди калтыруу керектигин айтты.

“Акыйкатчы институту кандайдыр бир күчтөргө көз каранды болбошу керек, болгону аны тандоодо жаңылбоо зарыл”,- дейт депутат Жанарбек Акаев.

Жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: