АКШнын Коргоо министрлиги Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата расмий тергөө иштерин баштады. Тергөө Флинндин башка өлкөдөн акча алууга укугу болгон-болбогонун текшерет.
Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер тергөө иштерин кубаттай турганын билдирди.
Флинндин салык декларациясына ылайык, ал орусиялык капиталга байланышы бар бир нече компаниядан «калем акы» алган же алар менен каржы мамилелерди түзгөн.
Флинн Трамп президент болуп шайланганга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси менен телефон аркылуу санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн жашыргандыгы үчүн 13-февралда кызматтан кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ