Menu

Фото – Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абаддагы расмий иш сапары

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-майда КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк расмий иш сапары менен Жалал-Абад облусуна келди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алгач Сузак районуна караштуу Сузак айыл аймагынын Көк-Арт дарыясынын жээгиндеги №12 Сузак-Арал участкасындагы жээктерди бекемдөө жумуштарынын жүрүшү менен таанышышты. Ал жерде КРнын ӨКМнин орун басары Равшан Рысбаев менен Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө жумуштары туурасында кеңири маалымат беришти. Сузак-Арал участкасындагы Көк-Арт дарыясынын күн чыгыш тарабына элдик ашар ыкмасы менен 371 габион, күн батыш тарабынан 254 габион коюлду. Мындан сырткары 2400 даана каптарга кум толтурулуп, жээктерди бекемдөө жумуштары аткарылды. Азыркы мезгилде Көк-Арт дарыясынын 18 участкасында суу алып кетүүчү кооптуу участкалар бар.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Сузак айыл аймагындагы №4 коргоочу тосмодогу иштердин жүрүшү менен дагы жеринде барып таанышты. Бул участкадагы Көк-Арт дарыясынын суусунун сыйымдуулугу секундасына 214 миң метр кубду түзсө, быйылкы жылдын 5-6-апрелинде жана 17- апрелинде жааган катуу жамгырдан улам дарыядагы аккан суунун көлөмү  секундасына 290 миң куб метрди түзүп, №4 тосмонун дамбасын суу толугу менен бузуп кеткен. Анын кесепетинен 4 га жакын айдоо аянтын суу каптаган жана 150 турак-жайга, 245 га айдоо аянтына олуттуу коркунуч туулган. КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын адистери тарабынан 25 адам, 14 техника бирдиктери коюлуп, жергиликтүү бийлик тарабынан дагы дамбаны коргоо иштерине 50дөн ашуун адамдар менен кошумча техникалар тартылды. Анын натыйжасында жээкти убактылуу бекемдөө жумуштары толугу менен бүткөрүлдү.

—      Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө жумуштарына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан габиондор менен солярка жетиштүү бөлүнбөй жатат деп айтып жатышат. Такылдап сүйлөй келгенде  кыйынсыңар, эмне үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сураган габиондор менен солярканы жетиштүү бөлбөй жатасыңар?,- деген КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевге кайрылды.

—     Бул боюнча эч кандай маселе болбошу керек. Биз тараптан габион сурап кайрылгандарга ишеним каттын негизинде керектүү өлчөмдөгү габиондор берилип жатат. Ал эми солярка маселесинде болсо тиешелүү документтерин даярдап келишсе токтоосуз берип жатабыз. Азыркы күндө Жалал-Абад облусуна дагы кошумча 1200 габион бөлүнгөн болсо, анын 600ү алынып келинди,- деди КРнын ӨКМнин орун басары Равшан Рысбаев.

КРнын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдон ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекилов Көк-Арт дарыясынын жээгине дагы 500 метр келген дамбаны тез арада курууга 40 млн. сом жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

—   Жалал-Абад облусу боюнча 2016-жылы жыл ичинде 86 өзгөчө кырдаалдар катталган болсо, быйылкы жылдын 4 айында эле 117 өзгөчө кырдаалдар катталып, андан 8 адамдын өмүрү кыйылды,- деди КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекилов.

КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектептин курулуш иштери менен дагы жеринде таанышты. 1937-жылы курулган мектептин эски имаратынан жаркалар кетип,  ӨКМнин адистери тарабынан мектепте балдарды окутууга болбойт деген эскертме чечим чыгарылган. 2015-жылдан тартып мектептин 246 окуучусу Жалал-Абад шаарындагы №7 орто мектепте 3 мөөнөт менен окуп жатышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 26-июлунда мектептин пайдубалына капсула салып, курулуш ишин өзү баштап берген. Жалпы сметалык наркы 54 млн. сомду түзгөн мектептин курулушуна жарыяланган тендерди “Биор-Юг” ЖЧКсы жеңип алган. Курулуш уюму тарабынан буга чейин 23 млн. сомдук жумуштар сапаттуу аткарылды. Ал эми 2017-жылга 12 млн. сом каралса, мектептин курулушун 1-сентябрга карата бүткөрүү үчүн дагы 37 млн. сом талап кылынат. Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов Өкмөт башчысына мектептин негизги окуу корпусун Жаңы окуу жылына карата толук бүткөрүү аракети жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, мектептин спорт залынын курулушун кийинкиге жылдыруу зарылдыгы жаралып жаткандыгын ортого салды. КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мэрдин милдетин аткаруучунун сунушун колдоп, мектептин негизги окуу корпусун 1-сентябрга карата бүткөрүү талабын койду.

КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна болгон расмий 2 күндүк иш сапары эртең, 3-майда улантылат. Өкмөт башчысы эртең Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сел коркунучтарынын алдын алуу жана Майлуу-Суу шаарында жүз берген  жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышуусу мерчемделген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: