Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып 2017-жылдын 30-апрель күнү карата 300 метрге чейин жылган. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Негизинен жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай бар анын 10 турак-жайын басты. Кооптуу аймакта андан сырткары 4 соц.объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч бар.
Жашоочулар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Буга чейин КР ӨКМнин тарабынан 15 чатыр тигилген. Азыр 28 турак үй ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жер көчкү 11 турак үйдү басып 12-үйдү ороп калган жана Шор-Суусун бөгөп, суу топтолууда.
КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Д.Каримов, КР ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Кулмаматов жана КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинен Т.Ажибаев, айыл аймак башчысы Кутман Эралиев жана Жарандык коргонуу комиссия менен биргеликте кооптуу жайда жашап жаткан турак үй ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иш чаралары каралууда.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду буйругу менен 46 даана чатыр, 46 даана тазалык каражаттары бөлүнүп, орнотуу иштерин жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ