Menu

Көмүлгөн маркумдардын дене-мүчөлөрү кимдерге керек

Бөлүшүү:

(Бүгүнкү күндөгү соттук-медициналык эксперттердин жоруктарынан шиңгилдер)

БИРИНЧИ ИКАЯ: ЖОГОЛГОН БАШ ТУУРАЛУУ

Кадамжай районунда 2010-жылдын 22-августунда 19 жаштагы Зубайда Атабаева киши колдуу болуп каза болгон. Алгачкы териштирүү иштеринде көп мүчүлүштүктөр кеткендиктен Бишкектен «Көз каранды эмес экспертиза борбору» ЖЧКсынын эксперттери 06.11.2010-жылы өлүктү кайра казып чыгып (эксгумация) кайрадан экспертиза жүргүзүшөт. Бирок, анын жыйынтыгы менен жабырлануучу тарап макул болбогондуктан РЕспубликалык экспертиза борборунун эксперттери 3-экспертизаны жүргүзүү үчүн мүрзөнү ачышканда маркум Зубайданын башы жок болуп чыгат. Мына ошол 6 жылдан бери башты ким алып кетти деген суроо жаралып, эл арасында чоң резонанс жататып келген. Көрсө, маркумдун башын ЖЧК эксперттери экспертиза үчүн Бишкекке алып келе беришиптир. Баш ошол бойдон унут калат. Кийинки ачылганда ачыкка чыккандан кийин эмне кылаарын билбеген эксперттер маркумдун башын посылка аркылуу Кадамжай РИИБинин тергөөчүсүнө жөнөтүшөт. Тергөөчү башты канча мөөнөт кабинетинде кармап олтурганы белгисиз, бирок аягында Зубайданын башын Ак-Турпак айыл өкмөтүнө өткөрүп берет. Алар З.Атабаеванын сөөгү кайсыл жерге коюлганын так билбегендиктен өкмөт төрагасынын орунбасарынын сарайында 2 айча кармап, кайра тергөөчүгө өткөрүп берет. Бул факты да жакында ачыкка чыкты. Мусулманчылык жөрөлгөлөрүн карманышкан Бүргөндү эли эми эксперттерди, укук коргоо органдарын чакырып, кыздын башын жайына коюп коюусун талап кылып жатышат. Жакында Бүргөндүдөн чыр чыкканы калды окшойт. Маркумдун атасы Бишкектен журналисттердин келүүсүн күтүп турган маалы.

ЭКИНЧИ ИКАЯ: ЖОГОЛГОН БӨЙРӨК ТУУРАЛУУУ

Бул окуя өткөн жылдын август айында болгон. Ак-Талаа районундагы Терек айылынын тургуну, 48 жаштагы Султан Чоюбеков табышмактуу жагдайда каза болот. Маркумдун туугандары анын денесиндеги жаракаттардан улам киши колдуу болуп каза болду дешип милицияга арыз менен кайрылышат. Облсотмедэксперт Бакыт Жумалиев өлүккө экспертиза жүргүзүп, «жомоктун» баарын жазат. Эмне үчүн «жомок» деп жатабыз? Ал төмөндө белгилүү болот.

Бакыт Жумалиевдин корутундусу менен макул болбогон Чоюбековдор Бишкектеги РЦСМЭге комиссиялык экспертиза дайындатышат. Бишкектен барган эксперттер өлүктү ачаары менен эле Бакыт Жумалиевдин биринчи жомогу дайын болду. Жумалиев корутундусунда: « … баш мээсин кесип көргөндө мээнин катмарлары ачык көрүнүп турат, каны толук, айрым жерлеринде кан куюлган жерлери бар» деп жазылган. РЦСМЭнин эксперттери маркумдун мээси эле эмес башы да ачылбагандыгын далилдешип, өздөрү башты ачып экспертиза жүргүзүштү. Облэксперт өз корутундусунда андан ары мындай деп жазган: « Бөйрөктөр бирдей чоңдукта, буурчак формасында, өлчөмү 10,5х6,3 см,. Ар бирининсалмагы 150 грамм…» Мындан аркысын жазбай эле туралычы. Кыскасы, Бишкектик эксперттер карап чыгышканда маркумдун оң бөйрөгү жок болуп чыгат.

Бул кылмыш иши азырынча аягына чыга электигине байланыштуу көп сырды жарыялабай турганыбыз жөн. Бирок, айтып коелу: маркум С.Чоюбековдун эки бөйрөгү болгондугун далилдеген 3 медициналык корутунду турат. Анда оң бөйрөк кайда кетти. Мүмкүн киши колдуу болуу мандеми ошол оң бөйрөктө болуп жүрбөсүн. Эң кызыгы, облсотмедэксперт Бакыт Жумалиев кесиби боюнча тиш доктур экен. 3-4 жыл мурун кандайдыр бир себептер менен кызматынан куулуп, анан Нарын облсотмедэкспертиза борборуна орношуп алыптыр. Бүгүнкү күндө жөн эле эксперт эмес, бөлүм башчылыкка жеткен. КРнын «Соттук медициналык экспертиза жөнүндө» Мыйзамына ылайык тиш доктур эч качан сотмедэксперт боло албайт. Баштагы тиш доктур ошондуктан да башты кантип ачаарды жана бөйрөк кай жерде жайгашканын билбей, кесиптештери жазган корутундуну көчүрүп койгондой таасир калтырат.

Мухтар Жаркулов

Булак: “Искра”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: