Menu

Депутат Бахдыр Сулейманов тарых музейинен Каныкей энебизге асылды, элден кечирим сурасын!

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште жоругу жолдо калгыр депутаттар абдан арбын. Алардын бири улуту Бахадыр Сулейманов. 2011-жылдан бери ЖКда депутат. 2011-жылы “Ата-Журттан”, 2015-жылы “Ата-Мекен” фракциясынан депутат болгон. Белгилүү болгондой өткөн жумада “Ата Мекенчилер” Тарых музейге алынган эмеректердин баасын коомчулукка ачыктап, чоң талкуу жаратышты. Мына ошол тарых музейдеги кыдырууда Бахадыр Сулейманов 14 миң еврого алынды деген аттарды сынга алып жатып, кыргыз улуту үчүн жаман сөз айтты. Ал: “Бул атка, балким Каныкейди олтургузасыңарбы?”- деген ачуу кепти кыйытты.

Каныкей энебиз ошондой атка олтурчу беле? Деги эле Манастын доору менен немистер азыр жасаган бул атты салыштырып болобу? Сулейманов бул жагын ойлодубу?

Каныкей деп кадимки Манас атабызды Манас кылган Каныкей энебизди айтып жатканын түшүнсөк болот. Ооба, кымбат баага алынган экспонаттарды каалагандай сөздөр менен сынга алса болот. Бирок ал маселеге Каныкей энебизди аралаштырып, чаптап эмне кереги бар? Сулейманов кыргыз элинен агарып -көгөрүп жатса да, ичкен кудугуна түкүрүп, кыргыздын улуу Манасына, Каныкейине эмне үчүн минтип сөз тийгизип жатат? “Бөрү баласы ит болбойт” – деген ушулбу? Сындаган ушул болот деп, оозуна келгенди айта берсе, жарашат деп ойлойбу? Анын минтип керооздонуп сүйлөгөнүнө эмне үчүн өзүн өтө акылдуу сезген Каныбек Иманалиев “кой” деп коё албады? Иманалиев деле таза эмес, сөзүнөн башка берекеси жок саясатчы чалыштардын бири болуп калганын калкыбыз эң жакшы билип калды. Анан андан эмнени күтүүгө болот? Ал эми Сулейманов дегенибиз да таза эмес, казса, былыктары буруксуп чыгат. Себеби, таза эмес жол менен байыган. Акаевдин учурунда анын бийлиги менен жакшы болуп, Мамлекеттик сатып алуулар жана резервдер фондун жетектеп, укмуш байыгандыгын, бир катар каржылык мыйзам бузууларга баргандыгын эмдигиче айтып жүрүшөт. Бирок ал боюнча жооп бербей, эми минтип элге акыл үйрөтүп, кыргыздын тарыхындагы улуу инсандарга каратып туруп асылып жатканы, кайсы акылга сыят?

Сулейманов экөө ал жерде жанаша басып, журналисттердин алдында өздөрүн өтө акылдуу сезип, укмуш сүйлөп жатышат го. Чынында Сулеймановдун антип сүйлөшү кыргыз элин, Манас эпосун сыйлабастыкка жатат. Андыктан, Сулейманов бул ойлонбой сүйлөгөн сөзү үчүн жалпы кыргыз элинен кечирим сурасын! Манаска сөз тийгизгендерди улутуна карабай тегиз кечирим суратып, тартипке чакырып турбасак, Манасыбызды ар ким кол жоолук кылып алчудай. Демек, сиздер да бул маселеге кош көңүлдүк кылбаңыздар…

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: