Menu

Кыргызстандын президенти Атамбаев тарабынан Конституциянын ченемдери дагы бир жолу бузулгандыгы тууралу “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсү

Бөлүшүү:

Мамлекеттик органдардын мыйзамдарда уруксат берилген гана чекте иш алып баруусуна жетишүү максатында, «Ата Мекен» социалисттик партиясы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын дагы бир ирет бузганын коомчулукка маалымдайт.

Мамлекеттик бийликти узурпациялоо саясатын токтотуу боюнча биздин партиянын бир нече жолку билдирүүлөрүнө жана талаптарына көңүл бурбастан, Алмазбек Атамбаев Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынын чегинен дагы бир жолу чыгып, 2017-жылдын 5-январында өзүнүн указы менен Назаркул Ишекеевди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук  комиссиясынын төрагасы кылып дайындады.

«Ата Мекен» социалисттик партиясы мурда да бир нече жолу өлкө президентинин бул сыяктуу ыйгарым укуктары 2010-жылдын июнь айынын акырынан бери жок болгону тууралуу бир канча ирет жарыялап келген. Ошондой эле мындан кийин да кыргыз мыйзамдарында болбойт, ал тургай Алмазбек Атамбаев өзү демилгелеген конституциялык өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин да болбойт.

Алмазбек Атамбаевге «жагынып жаткан» Өкмөттүн «унчукпоосун» ачыктан-ачык пайдалануу менен, Кыргызстандын мурунку эки президентинин өлкөнү башкаруудагы терс тажрыйбасын эске албастан, азыркы мамлекет башчысы ага импичмент жарыялоонун мүмкүндүгүн ого бетер айкыныраак бекемдеп жатат.

Талаптарыбыздын далилсиз эмес экенин билдирүү менен, ошондой эле президент А.Атамбаевдин биздин талаптарды толугу менен мындан ары да ачыктан-ачык көз жаздымда калтырарын түшүнүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына тиешелүү документтерди даярдоодон сырткары, «Ата Мекен» социалисттик партиясы өз алдынча, Кыргызстандын президентинин ишин конституциялык мыйзамдарга дал келтире турган бир катар мыйзам долбоорун демилгелей турганын билдирет.

“Ата Мекен” партиясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: