Бүгүн, 8-январь күнү жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тумандын натыйжасында көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин жетет.
ӨКМ айдоочуларды жана көчөдөгү жөө адамдарды сак болууга чакырат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ