Menu

Клара Сооронкулова, коомдук ишмер: “Кыргыздын бийлери саткын болгон эмес”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада ордо калаабыздын чок ортосунда «Сатылган соттор кетсин!», «Коррупцияга жол жок!», «Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин!» деген ураан менен жаштар, жарандык активисттер, соттон жабыркаган карапайым эл, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин билдиришкен болчу. Аталган митингде «Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, башкы проку­рор Индира Жолдубаева ж.б. кетсин!» деген плакат жазууларды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, митингдин катышуучулары президенттин саясатын колдошорун билдирүү ме­нен ажого кайрылуу жолдоп, 7-апрелге чейин мөөнөт берип, Акүйдүн алдынан тарап кетишкенине күбө болгонбуз.

– Мурунку бийлик сот реформасын кылабыз деп сөз берип, аны кылган жок. Элдин сотко болгон ишеними күн сайын жок болууда. Адилеттүү чечим чыгарган соттор бүгүнкү күндө куугунтукталып, ал эми саясый буюртма менен иштегендер ордуларында «былк этпей отурушат. Президент “коррупцияга каршы күрөшөбүз” деди. Биз а кишиге жардам берип, баштаган ишин колдоого алалы дедик. Адилеттүүлүк – улуттук баалуулук экенин унутуп баратабыз. Кыргыздын бийлери саткын болгон эмес. Саясатчыларга көз каранды болбостон адилеттүү сездөрүн айтып, адилеттүү чечим чыгарып келишкен. Биз ушулардан үлгү алганды унуттук.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: