Легендарлуу “Биз” тобунун солисти Бактияр Токторовдун “Буй-буй” деген популярдуу ырын Орусиянын “Сборная союза” эстрадалык тобу “Я однолюб” деген аталышта ырдап чыкты. Ал эми ырдын сөзү жана обону Виталий Циницынга таандык деп жүрөт.
Бул ыр Орусияда “хитке” айланып, “биздики” деп жүрүшөт. Бул видео “Ютубга” бир жыл мурун жарыяланган экен. Муну көргөн Адилет Ногойбаев чыдабай социалдык тармактарда айтып чыккан.
Эске салсак, ушул эле ырды өзбек ырчылары да өз тилине которуп ырдап чыгып, ал тургай клип дагы тарттырышкан.
https://youtu.be/zFFIXdf740o
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ