1-3-декабрь күндөрү Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн “Мисс мировая красавица – 2018” конкурсунун таажысын Ростов-на-Дону шаарынын сулуусу Халимат Айбазова тагынды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Ошондой эле, конкурска 20 өлкөдөн 1000ден ашык кыз катышкан.
“Конкурстун таажысы мени менен кетип жатат!” – деп жазган Х.Айбазова өзүнүн “Инстаграм” баракчасына.
Эскерте кетсек, орусиялык сулуунун мындан башка дагы сыйлык-наамдары толтура. Мисалы: “Мисс Ростова – 2017”, “Мисс континентальной Европы – 2017”, “Мисс мировая русская красавица”, “Мисс Черкесск – 2018” жана “Донская красавица 2018”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ