Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Тийиштүү тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди.
«Бүгүнкү күндө шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», – деди Министрлер кабинетинин башчысы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ