Menu

Казакстандын түндүгүндө жер алдындагы суунун деңгээли жогорулап, бир нече үй зыянга учурады

Бөлүшүү:

Түркстан облусунун Сузак районундагы Жеткиншек айылында жер алдындагы суунун деңгээли жогорулап, жергиликтүү тургундардын турак-жайы зыянга учурады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматы кабарлады.

92 түтүн жашаган айылдын жашоочуларынын айтымында, ондогон үйдүн дубалдарында жаракалар пайда болуп, экөөнүн бөлмөлөрү урап калган.

– Суунун деңгээли акыркы үч жылдан бери көтөрүлүп жаткан. Бул боюнча акимчиликке көп жолу кайрылганбыз, бирок бизди угушкан жок. Эми минтип үйлөр урап, жертөлөлөр жарактан чыкты. Биз насыя алып үй курганбыз. Азыр көчөдө калганы турабыз, – деди айылдын Бакыт Калиева аттуу тургуну.

Ал сегиз бөлмөлүү үйүнүн жертөлөсүнө суу толуп, жаракалар пайда болгонун, сарайы урап калганын кошумчалады.

Айылдын дагы бир тургуну Рустем Жумашев үйүнүн пайдубалы жарака кетип, жертөлөгө толгон суу полго чейин жетип калганын билдирди. «Үй урап калабы деп коркуп жатабыз. Биз жаш үй-бүлөбүз, мен азыр жумушсузмун. Бул үйдү араң кургам, урап кетеби деп түнү бою сыртта жүрдүк», — деди ал.

Жеткиншек айылында жер алдындагы суунун деңгээли жогорулаганын райондук акимчилик да ырастады. Мекемеден учурда өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистери сууну сордуруп алуу менен алектенип жатышканын, бирок анын деңгээли төмөндөй электигин билдиришти.

«22 үйдүн дубалынан жарака кеткени боюнча даттануу келди. Азыр атайын комиссия үйлөрдүн канчалык деңгээлде зыянга учураганын баалап жатат», — деди акимдин орун басары Бекзат Алмаганбет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: