“Жириновский” деген каймана аты бар “темирпуруш” бизнесмен Рустам Маманов 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Замандаш” партиясына кирип, “партияны оңдойм” деп оолугуп жатып эле кайра партиянын катарынан чыгып калган.
Анан эле «Өмүрбек Текебаев менин саясаттагы кумирим!” деп жалаяктай-жалаяктай интервьюларды берип, күпүлдөп жүрчү. Көрсө “Замандаштан” жолу болбогон эргул парламенттик шайлоодо “Ата-Мекендин” тизмесине кирип каламбы деп аракеттенип жүргөн экен. Бирок “Ата-Мекен” да тизмеге жолотпой коюптур.
Бир кезде «Өмүрбек Текебаев менин саясаттагы кумирим!” деп күпүлдөп жүргөн Рустам Маманов ошонусу чын болсо азыр абакта жаткан Текебаевди колдоп, үн чыгарып койгонго духу жетпей жатканы кызык. Кумириң адилетсиз бийликтин айынан бейкүнөө абакта кармалып жатса айгай салып коргогондордун катарына кошулбасаң, митингдерге чыгып үн катпасаң, абакка ысык тамак киргизбесең, үй-бүлөсүнө, тарапкерлерине каржылык жардам көрсөтпөсөң кумириңен аяган сенин байлыгыңдан не пайда? Анда неге «Текебаев менин саясаттагы кумирим!” деп кыйкырып жүрдүң эле? Же бийликтен коркуп жатасыңбы?
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ