22-майда Ташкентте Өзбекстандын жарандык коом өкүлдөрү Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктары боюнча «Эзгулик» уюмунун жетекчиси Василя Иноятова учурда өлкөдө «атайын даярдалган түрдүү айыптар менен 30га чукул саясий туткун абакта жатканын» билдирди. Укук коргоочу ал адамдар тобун бошотуу — учурдун эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири экенин белгиледи.
Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Каролина Фалк ЕБ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшү көбүнчө өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына көз каранды болорун айтты. Анын пикиринде, бул жааттагы абалга жарандык коомдун көз салып, баа берип турушу маанилүү.
Укук коргоочу Абдусалом Эргашев өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалын кыйла начар деп эсептейт. «1999-жылдын февралынан кийинки окуялардан соң Өзбекстанда динге ишенгендерге карата репрессиялар башталган. Алардын көбү конституциялык түзүлүшкө кол салууга айыпталып, узак мөөнөттөргө камалышкан», – деди ал.
Жолугушуунун соңунда активисттер ЕБ делегациясынын буга чейинки сапарларын сынга алып, Европа парламентинин депутаттарын бийлик менен сүйлөшүүдө саясий туткундар маселесин көтөрүүнү өтүнүштү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ