Бишкек жана Ош шаарларынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет, жогоруда көрсөтүлгөн аймактардагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердигине өзгөчө укуктук режим түзүлүүдө.
Өзгөчө абал режими учурунда коомдук транспорттордо таажывирустун жайылышынын коркунучу бар болгондуктан коомдук транспорттордун кыймылы, анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.
Азыркы учурда ИИмдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө абалдын талаптары аткарылбаган учурда шаардык таксилердин жана жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксилердин унаалары атайын токтотулуучу жайына киргизилип, режимди бузгандыгы үчүн айдоочуларга мыйзамга ылайык тиешелүү катуу чаралар көрүлөт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББсы жарандардан, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ