Жогорку Сот укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу арызы боюнча буга чейин чыккан сот чечимдерин күчүндө калтырды. Бир жыл мурда, Энелер күнүндө, мамлекет башчы Алмазбек
Атамбаев кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Алар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышкан болчу. Алгач Бишкектин Биринчи Май райондук соту, андан кийин шаардык сот арызды канааттандыруудан баш тарткан.
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ