Menu

Султан Каназаров, журналист: “1500 сом эң берекелүү айлык акым болду”

Бөлүшүү:

Эң берекелүү айлык акыңыз эсиңиздеби?

– Негизи эле маңдай тер менен иштеп тапкан акы берекелүү болот. Бир мисал айтайын илгери Киев – Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде “Классик” деген ресторан болоор эле. Мен айылдык жигит анын ресторан экенин кайдан билем. Ал кезде студентмин, иштейм, ошол күнү айлык алдым. Анан бир кызды узатып баратып чай ичели десем, ал кыз шыпылдап эле мени ошол “Классик” ресторанына баралы деди. Анан киргенде эле байкадым, гардеробдо швейцар, ичине кирсек рояль менен жандуу музыка, кыскасы “шикарный ресторан” экен. Анан ал шаардык кыз “можно я сделаю заказ” деп туруп экөөбүзгө тең биринчи, экинчи ысык тамак, десерт, анан кофе заказ берди. Ичимден ии жакшы бүгүн айлык алганым деп коем. Анан тиги кыз дааратканага басып кеткенде бир официант келип “Иним, менюдагы бааларды карадыңбы?” – деп боору ооруду. Жашмын да, аябай жиним келди. Ошол күнү 1500 сом айлык алгам, ага бир ай жашашым керек болчу. Айтор “ужин” 800 сом болду. Сыр бербей дагы официантка 50 сом чайга калтырдым. Ошол “свидание” эсимден кетпейт жана ошол айлыгым ресторанга киргенге жетип мени кубанткан. Алгачкы берекелүү айлыгым ушул болсо керек. Ии баса, ошол кызга анан үйлөндүм.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: