Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети элдик демилге тартибинде демилгеленген “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
«Баткен жоокер-ардагерлеринин бирикмеси» коомдук бирикмесинин төрагасы. Канат Бакалов элдик демилге тартибинде сунушталган мыйзам долбоору 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына «согуш» макамын ыйгаруу максатында иштелип чыкканын баса белгиледи. «Биз Баткен окуясында өлгөн 54 адамдын үй-бүлөсүнө ай сайын 7 миӊ сомдон жөлөкпул төлөп берүү, 24 майыптын жөлөкпулун 7 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейин жогорулатуу демилгесин көтөргөнбүз», – дейт ал.
Талкуу жүрүшүндө өкмөт өкүлү мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди. Кезинде Президенттин Жарлыгы менен «Баткен окуясы «банда тобун жок кылуу боюнча атайын операция» катары жарыяланган. Ошондон улам, биз азыр анын статусун өзгөртө албайбыз», – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ