2018-жылдын 26-февраль күнү саат 04:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Ууру-Жар тилкеси) мам.№02KG913AAF Хюндай Аванта үлгүсүндөгү жеңил унаа менен мам.№200ВВ Днепр үлгүсүндөгү кран кагылышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам жабыркап (1992-жылы туулган Э.К. жана 1992-жылы туулган С.Б.), 2 адам каза болгон (1992- жылы туулган З.М. жана 1991-жылы туулган Р.Т). Куткаруучулар жерине барып каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаанын ичинен чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ