Menu

Декларация 2018: Депутат Асылбек Жээнбеков 2017-жылга салыштырмалуу 6,4 млн сомго аз тапкан

Бөлүшүү:

Бирдиктүү салык декларациясынын маалыматына ылайык, Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков 2018-жылы 3 млн 48,3 миң сом тапкан. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,4 млн сомго аздык кылат.

Депутаттын 1,5 миң чарчы метрлик үйү, курулуп бүтө эле 3,5 миң чарчы метрди түзгөн турак объектиси, 9,7 чарчы метрди түзгөн башка конструкциялары бар. Мындан тышкары «Бий Мырза» ЖЧКсынын үлүшүнө 100 пайыз ээлик кылат. Жылкылары – 350 миң сом, майда мүйүздүү малы – 250 миң сом, ири мүйүздүү бодо малы – 440 миң сом, аарылары – 350 миң сом.

Ошондой эле Асылбек Жээнбеков 210 миң сомдук акцияга ээ экенин, 410 миң сомдук эмерегин, 170 миң смодук аудио-видео техникасын, 135 миң сомдук тиричилик техникасын жана 295 миң сомдук башка кыймылдуу мүлктөрү бар экенин көрсөткөн.

Депутаттын жакын туугандары 2018-жылы 350 миң сом табышкан. 2017-жылга салыштырмалуу 126 миңге аз. Аларда аянты көрсөтүлбөгөн үй, жер тилкелери, башка конструкциялары, ошондой эле «Тойота-Лэндкрузер» автоунаасы бар.

Мындан тышкары экс-спикердин туугандарында 480 миң сомдук баалуу металлдар, 180 миң сомдук эмерек, 140 миң сомдук тиричилик техникасы, 110 миң сомдук ауди-видеотехникасы, 120 миң сомдук башка кыймылдуу мүлктөрү бар экени көрсөтүлгөн. Бул маалыматтар 2017-жылга салыштырмалуу кыйла өзгөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: