КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы мыйзамсыз ок атуучу куралдарды ок-дарылары менен сактоо жана алуу фактысын ачыктады. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Ыкчам-тергөө иш- чараларын жүргүзүү маалында милиция кызматкерлери 9 мм калибрдеги 16 огу менен Макаров үлгүсүндөгү тапанчасын алуу фактысын каттады. Куралдарды сатууга Сокулук районунун жашоочусунун тиешеси бар экендигин тастыктаган. Ушул жылдын 11-июнунда атайын операция жүргүзүлгөн. Натыйжада 1885-жылы туулган Ош областынын Алай районунун М. К. аттуу шектелүүчү жараны кармалган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча А. Анапияевдин жакын тууганы жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири катары ИИМдин каттоосунда турган.
Ыкчам-тергөө ишинин жүрүшүндө шектелүүчү Чүй областынын Сокулук районунда жашаган жеринен мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылып, 9 мм калибрдеги 16 ок алынды. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда, соттун чечими менен шектелүүчү адамды убактылуу жайга камоо чарасы көрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ