Орусия Сириядагы деэскалация зоналарында координациялык кеңеш түзүү боюнча документ кабыл алынарына үмүт артууда. Астанадагы орус делегациясынын башчысы Александр Лаврентьев коопсуз аймактардын чек араларын аныктоо уланып жатканын билдирди.
Орусия, Түркия жана Иран макулдашууга жетишсе, деэскалация зоналарын күзөтүү үчүн орус аскер кызматкерлерин жөнөтүүгө негиз болот.
Орусиялык дипломат Москва, Анкара жана Тегеран пландын деталдарын талкуулап жатканын билдирди.
Шейшембиде Сириянын куралдуу оппозициясы менен күрд отряддары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун тиреги болгон Ракка шаарына чабуул жасап баштаган.
АКШ жетектеген эл аралык коалиция жихадчылар катуу каршылык көрсөтүп жатканын маалымдаган.
“Ислам мамлекети” Ракканы 2014-жылдан бери кармап турат. Асаддын режимине каршы түзүлгөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” 2016-жылы Ракка шаарына чабуул жасоону баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ