Акыркы айларда Өзбекстанда эт 20 пайызга кымбаттады. Бүгүнкү күндө өлкө базарларында уй этинин килограммы 28 миң сумдан (7 доллардан ашык), кой эти 33-38 миң сумдан сатылууда.
Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, Ташкентте эттин баасы өткөн айдан тарта жогорулай баштаган. “Супермаркетте сөөгү бар эттин килограммы 38 миң сумдан сатылууда, эгер сулп эт алам десеңер баасы андан да кымбат. Ошондуктан этти граммдап сатып алууга мажбур болуп жатабыз. Бизде башка жол жок”, – деди ташкенттик пенсионер.
Соодагерлер эттин кымбатташына тоют баасынын жогорулашы да себеп болуп жатканын айтышууда. «Быйыл чөп жетишсиздиги байкалууда. Эгер түштүк аймактардан бодо мал алып келүүнү кыскартышса, анда эт мында да кымбатташы мүмкүн», – деди соодагерлердин бири.
Айрым маалыматтарга караганда, эттин кымбатташына улуттук валютанын долларга карата кунун жоготкондугу да таасир этүүдө. «Азыр көмүскө базарда 1 америкалык доллар 8,5 миң сум турат. Эгер доллар көтөрүлсө эттин баасы да жогорулайт. Этти Казакстан менен Кыргызстандан алып келгенде биздин валюта менен алар өтө кымбат болот», – деди анжияндык ишкер.
Мурдараак жергиликтүү бийлик эттин баасын турукташтыруу аракетин көргөн. Анда борбордогу жана өлкө аймактарындагы базарларда арзаныраак баада эт саткан күркөлөр ачылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ