Menu

Фото – Кимдин өкүл атасы ким?

Бөлүшүү:

Айтылуу “алко магнат” “Аю” ишканасынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдун өкүл атасы “Ак-Шумкар” партиясынын лидери кадимки Темир Сариев экени маалым. Негедир экөөнүн коюн-колтук алышып жакындашканы деле байкалбайт. Мамилелери кандай болду экен?..


КТРКда жаңылыктарды алып барып, андан кийин парламенттин басма сөз кызматында иштеген белгилүү теле алып баруучу Космос Чыдыновдун өкүл атасы К. Бакиевдин “Ак жол” партиясынын мүчөсү болуп 4- чакырылышта парламент депутаты болгон Рашид Тагаев экендигинен кабардарбыз.


Убагында “Ата-Мекен” партиясынан депутат болгон салабаттуу жигиттердин бири Жоомарт Сапарбаевдин өкүл атасы белгилүү окумуштуу түрколог Кадыралы Конкобаев экендигин Ж. Сапарбаев депутат кезинде гезит беттерине берген интервьюларында айтып жүргөн жайы бар.

“Кабар” мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Нурканбек Керимбаевдин өкүл атасы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков экени белгилүү. А. Жээнбеков парламент төрагасы болуп турганда Нурканбек Керимбаев төраганын маалымат катчысы болуп эмгектенген.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: