Кыргызстандык Валентина Шевченко эң жеңил дивизиондо UFC чемпиондугун дагы бир жолу ийгиликтүү коргоду.
Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кенже Шевченко бразилиялык Дженнифер Майага каршы күрөшүп, бир добуштан жеңишке жетишти.
Валентина Шевченко төртүнчү жолу чемпиондук титулун коргоп келе жатат, ал 2018-жылы 8-декабрда UFC 231 мелдешинде польшалык Йоанны Еджейчик менен болгон беттеште жеңип алган. Андан кийин Шевченко 2019-жылдын 8-июнунда Джессика Айге, 2019-жылы 10-августта Лиз Кармуш жана 2020-жылы 8-февралда Кэтлин Чукагянга каршы күрөштө өзүнүн наамын коргогон.
Ушул эле турнирде Антонина Шевченко Ариана Липскийге каршы чыгып, экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ