Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарындагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга 7 жеке турак үйдү курууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 10 490 900 (он миллион төрт жүз токсон миң тогуз жүз) сом бөлүп берди.
Мамлекет башчысынын турак жай курууга каражат бөлүү тууралуу чечими жаратылыш кырсыгынан үйлөрү жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн оор материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ