Menu

Наристе Алиева, жазуучу: “Жаңы чыгармалар, цитаталар, саптар илхам менен жогору жактан келет”

Бөлүшүү:

«Булут» тасмасына тартылган, бүгүнкү адабият өкүлү, чыгармалары эл аралык адабий сайттарга жарык көрүп жүргөн, бир нече жыйнактардын автору Наристе Алиева менен маек курдук.

-Чыгармачылыкта окурмандарды кубандырган кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Чыгармачылыкка токтолсом, жаңы ырлар жаралып жатат. Жакында эле «Ак китеп» аттуу ырлар жыйнагын аяктадым. Азырынча басмаканага тапшыра элекмин. Бирок, жакынкы күндөрү “Литература kg” сайтына жарыялайм. Анан дагы бир жаңылыгым «Кызгылтым ажыдаар» аттуу жомокту аягына чыгардым. Ал жомокту беш жылдай убакыт мурун кызыма арнап жазгам. Ал да жарык көрүүгө даяр болуп турат. Аны да «Литература kg» сайтына жайгаштырам. Буюрса ушул эки жыйнак менен окурмандар жакынкы күндөрү таанышып калат.

– Искусство, жашоо, турмуш тууралуу кандай ой толгоодосуң?

– Искусство… бүгүнкү искусство кейиштүү абалда десем жаңылышпайм. Искусстводо кризис болуп турат. Ал кризис Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө өкүм сүрүп турат. Ага адамдыкка таандык көп көйгөйлөр камтылган. Азыр өткөөл убакта турабыз. Жаңы кылымда жашап жатабыз. Өзүнчө бир жаңы доор башталды. Интернет, цифралык доор башталды. Адамдар эмес роботтор иш аткара баштаган трансформациялык аянттабыз. Искусство ушул жаңылануудан кризиске учурады. Жабыр тартты.

– Жаңы чыгарма баштасаңыз кандай теманы тандамаксыз?

– Менин алгачкы чыгармаларым жалгыздык, караңгы түндөр тууралуу болчу. Ал күңүрт, муңдуу жыйнагымда өзүмдү, Кудайды тааныдым. Азыр бул темалардан, жалгыздыктан алыстадым.

Экинчи китебимде өзүмдүн дүйнөмө, Кудай дүйнөсүнө саякат жасадым. Жаратканды, Жаратканга болгон сүйүүнү, чындыкты, сулуулукту тааныдым. Жаздым.

Мындан кийинки китебим кандай темаларды камтыйт, ал азырынча өзүмө да белгисиз. Өзүмө да бүдөмүк. Чыгармалар айттырбай келет. Илхам менен өзүңө дайынсыз, белгисиз цитататалар, саптар, сөздөр жогору жактан келет.

-Бүгүнкү күндө адамдар сүйүүнү кандай баалашат?

– Сүйүүнү баалагандар, барктагандар, түшүнгөндөр азайды. Мындан ары дагы сүйүүнүн баркы, баасы азаят. Бир жагынан карасаң дүйнө өнүгүп жатат, бирок бир жагынан рухий жактан жакырланып, алсызданып, майдаланып сазга чөгүп баратабыз. Орто кылымдагыдай сүйүү, адамдар аралык мамилелер, бири-бирин терең түшүнүү жоголуп баратат. Адамзатындагы көп баалуулуктар унутулуп барат. Биз сүйүүнүн маанисин терең түшүнсөк бактылуу болмокпуз. Бүгүнкүлөрдүн сүйүүгө болгон арзан мамилеси кейитет. Кейиштүүсү, бул мамиле эми өзгөрүүгө учурабайт. Сүйүү деп аял менен эркектин махабатын түшүнбөшүбүз керек. Жарык дүйнөгө, табигатка, ата-энеге, балага, жан-жаныбарларга, адамзатка болгон сүйүү жүрөктө жашап, айлананы жылытып турушу керек. Адамдар ойгонуш керек. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын жүрөгүндө сүйүү болсо дүйнө жакшы жагына өзгөрөт.

– Тасма тартсаңыз эмне тууралуу тартмаксыз?

– Тасма тууралуу акыркы күндөрү көп ойлонуп жүрөм. Өзүмдүн өзгөчө тасмамды жараткым келип жүрөт. Мен тасма тартсам, албетте, турмуш, сүйүү, поэзияга, музыкага болгон сүйүү, анан балдар темасы тууралуу болот. Кыска метраждуу тасмаларды тартуу да кызыктырып жүрөт. Акын Рамис Рыскулов тууралуу да даректүү тасма тарткым келет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: