Menu

Денис Тендин апасы уулунун өлүмүн кайра иликтөөнү талап кылууда

Бөлүшүү:

Алматыда көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин апасы анын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин кайрадан тергөөнү талап кылууда.

Жабырлануучу тарап Денис Тен буюртма менен өлтүргөн деп эсептейт. 16-январда Алматы район аралык сотунда жарыш сөз башталган. Прокурор бул иш боюнча айыпталган үч кишини түрмөгө кесүүнү сураган.

Маркумдун апасы Оксана Тендин айтымында, видео көзөмөл камераларындагы жазууларга жана соттолуучулардын көрсөтмөсүнө ылайык, шектүүлөр автоунаанын ээси ким экенин алдын ала билишкен:

Мен Алматы шаарынын прокуроруна карата жеке токтом чыгаруу керек деп эсептейм. Жогорудагы фактылар боюнча кайрадан сотко чейинки иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү “Жалданма киши өлтүрүү” беренеси менен соттоо керек деп эсептейм.

Прокуратура өкүлү жабырлануучунун өтүнүчүн колдогон жок.

2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: