Menu

Чыгыш Казакстанда аба ырайына байланыштуу 400 адам жолдо калды

Бөлүшүү:

20-январда катуу бороондун айынан Чыгыш Казакстан облусунун Үржар районундагы “Алматы – Усть-Каменогорск” трасссында унаа тыгына пайда болуп, жүрө албай калышкан. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Түшкү саат 12:00дөн баштап бул багыт боюнча жол жабылган.

Комитеттин кабарлашынча, 7 автобус, 45 камаз, 30 жеңил унаа, 8 газель жолдо калган. Жалпысынан алардын ичинде 400дөн ашуун киши болгон.

Кишилерди коопсуз жайга алып чыгып кетүү үчүн куткаруучулар жана техника жиберилген. Бирок жүргүнчүлөр унааларын таштап кетүүдөн баш тартышкан.

Үржар районунун Таскелең айлындагы маданият үйүндө жолдо калгандар үчүн жылынуу жайы уюштурулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: