Menu

Кыргызстан Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тартты

Бөлүшүү:

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Казакстандан жардам катары бериле турган 100 млн долларынан расмий түрдө баш тартты. Келишимди денонсациялоого багытталган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев ырастады.

Өкмөт бул кадамы менен Казакстан тараптан жардам катары берилчү каражатка муктаждык жок экенин айтууда.

– Биз бул каражатка “жок” деп айтууну чечтик. Мындайча айтканда кереги жок болуп калды. Өз каражаттарды бюджеттен же казынадан тышкары тапканга мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз. Учурда ЕАЭБдин талабына ылайык 14 лабораториянын көбү бүтүп калды. Ал үчүн өзүбүз да каражат бөлүп жатабыз. Жылдын аягына чейин лабораториялардын көбү бүтүп калат.

Казакстандын жардамынан баш тарткан мыйзам долбоор боюнча Жогорку Кеңеште экономика министри Артем Новиков баяндама жасайт. Маалым болгондой бул долбоор кезексиз каралып, депутаттарга сунушталат.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 млн доллар берүүгө макул болгон. Тийиштүү долбоорду Жогорку Кеңештин профилдик комитети бир жыл мурда карап баштаган. Анда депутаттар казак тарап бере турган жардамды улам созуп келатканын айтып, сындаган.

Ушул жылдын август айында Кыргызстан менен Казакстан 100 млн долларды тармактарга бөлүүнү деталдаштырып, алгачкы транш менен 41 млн доллар бөлүүгө токтолгон. Бул үчүн Экономика министрлиги Казакстандын Каржы министрлигине банктагы атайын эсепти жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: