Menu

Турдуназир Бекбоев, министр: “Негизинен социалдык тармагым дайым “күйүп” турат”

Бөлүшүү:

Алакандай өлкөбүз “агрардык” деп аталганы менен бул жаатыбыз деле “итке минип” калганы качан? Аталган тармакты ийге келтирип, “ишти жылдырат” деп ишенген айыл чарба министрлигибиз эмне иштер менен алагды болууда? Кара таман карапайым дыйкандардын эмгеги качанкыга дейре “күйүп кете” берет? Мындай суроолорду тармакты жөнгө салуучу министр Бекбоевдун өзүнө жолдоп турубуз. Жетекчи дараметинин жетишинче жооп бергенге аракет кылды. А жыйынтыкты чыгарып, дараметине баа бериш азиз окурман сиздин колуңузда…

– Турдуназир мырза, айыл чарба министрлиги жазгы айдап-себүү өнөктүгүндө дыйкандарга эсеп-кысап жүргүзгөнүңөрдөн тышкары конкреттүү кандай жардам бердиңиздер? Мактаныч кылбай, ток этерин айтсаңыз?

– Быйылкы жазда жазгы талаа жумуштарын талаптагыдай уюштуруу үчүн былтыркы жылга салыштырмалуу өкмөттүн буйругу январь айында кабыл алынган. Анткени, дыйкандарыбыз банктан насыяны эртерээк алып, жазгы талаа иштерине ыкчам даярдыкты көрүп алуусу үчүн жана фермерлерибиз 100 миң сомго чейин “Айыл банктан” күрөөсүз насыя алуусуна шарт түзүп, жол ачтык. Албетте, муктаждык, кем-карчтарын убагында чечип алуусу үчүн. Буга дейре карапайым дыйкандарыбызга насыя март айынан тарта берилчү. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын айрым аймактарында жазгы талаа иштери бул мезгилден да эрте башталат. Ушундай шартты алдын-ала боолголоп, жазгы айдап-себүү иштерине эртерээк кам көрдүк. Ошондой эле дыйкандарыбызга жер семирткичтерди өкмөттүн деңгээлинде Өзбекстандан 20 миң тоннаны былтыркы жылга салыштырмалуу арзаныраак баада алып келип бердик. Тагыраагы, “Азоттун” килограммын 16 сом, 50 тыйындан, “Карбамидди” 18 сом, 80 тыйындан алдык. Баса белгилөөчү жагдай, мындай баа наркы жеке ишкерлерге бир топ эле атаандаштыкка туруп, быйылкы жылы жер семирткичтердин баасы өткөн жылдагыдан бир топ төмөн болду. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларды “Нефтетрейдерлер ассоциациясынын” президенти менен эки тараптуу келишимге кол коюп, былтыркыга салыштырмалуу 3 сомго арзан алып бердик. Мындай көрсөткүч 2 жыл мурункуга караганда 8 сомго чейин арзан болду. Күйүүчү-майлоочу майлар боюнча жогорудагы келишимде эгерде кайсы бир дыйкан 2000 литрден көбүрөөк ала турган болсо базанын өзүнөн 2 сом, 40 тыйынга чейин, ал эми май сатуучу жайлардан ала турган болсо 40 тыйынга дейре арзан баада алаарын сүйлөшкөнбүз. Негизинен жазгы талаа иштери быйыл графиктин негизинде жүрүп жатат. Кудай тилегибизди берип, быйыл жаз мезгилинде жаан-чачын көп болгондугуна байланыштуу күзүндө түшүмдүүлүк жакшы болоорунан ниет кылып турабыз. “Мындай жаан-чачындуу аба-ырайы менен быйылкы жылы тоют маселесинен да көйгөй болбойт” деп үмүт кылуудабыз. Ошондой эле бул аралыкка чейин дыйкандар айыл чарба техникаларын 30 пайыз лизинг менен алып келишсе, быйылдан тарта ал көрсөткүчтү 10 пайызга төмөндөттүк. Төлөмдөрүн 3 жылдан 7 жылга чейин узарттык. Мындан тышкары президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин жеке демилгеси менен кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан 10 миллиард сомду айыл чарба жаатына которуу каралууда. Өкмөт да четте калбай, биздин тармакка 5 миллиард сомду насыя берүүгө которууну пландашууда. Бул суммалар которулса, Кыргызстанда алгачкы жолу агрардык тармагыбызга колдоо болуп, ишибиз олуттуу жыйынтыктар менен коштолот деп ишенем.

– Ырас, оозуңузда болуп эле түшүмдүүлүк мол болсун. Бирок, ошол түйшүк менен жыйналган түшүмдү дыйкандарыбыз быйылкы жаздагыдай тыңгылыктуу баа менен сыртка экспорттой алышпай, Бажы биримдиги деген балээ баба-дыйкандарыбызды жакшы эле тушабадыбы. Азыркы эгилген өсүмдүктөрдүн түшүмдөрүн кийинки жаз-күздө да дыйкандарыбыз сата алышпай, азап чегишет да ээ? Тиешелүү лабораториядан өткөрө алышпай…

– Негизи бизде ар жылы кайсы айыл чарба өсүмдүктөрүн канча пайыз эгүү боюнча атайын структура берилет. Бизде жер реформага кеткенден кийин баардык жерлерибиз менчикке айланган. Ал эми жер ээлери биз айткан кеп-кеңеш, сунуштарды кабыл ала беришпейт. Дыйкандар өздөрү каалаган айыл чарба өсүмдүктөрүн эккенге укуктуу. Биз аларга тыюу сала албайбыз. Туура, өткөн жылы ЕАЭБдин алкагында өндүрүлгөн түшүмдөрдү экспорттоо боюнча айрым көйгөйлөр болду. Ошол эле картошканы алалычы? Былтыр картошканын түшүмдүүлүгү жакшы болуп, 1 миллион, 400 миң тонна картошканы өндүрдүк. А өзүбүздүн ички керектөөбүзгө 1 миллион тонна гана керектелет. Ошондуктан, 400 миңге жакынын экспорттоого туура келди. Маселен, былтыр Казакстандын Жамбыл областынын базарында өзүбүздүн картошка боюнча 4 жолу жарманке өткөргөнгө жетиштик. Биз тараптан Ысык-Көл, Талас облустарынан барган дыйкандарыбыз болду. Былтыркы жылы Бажы биримдигине киргенибиз август айында гана күчүнө кирсе, бажы посттору ноябрь айында араң ачылып, ошондон тарта экспорттоого жол ачылды.

– Ачылганы менен тыңгылыктуу деле экспорт болгон жок да. Ошол эле картошка өндүргөн кайсы дыйкан жыргатып түшүмүн экспорттой алды?

– “Тыңгылыктуу экспорттолбой жатат” дегениң менен реестрге жалпы 15 ишкана кирген. Сүт өндүрүүчүлөр, балык, бал жана эт өндүрүүчүлөр болуп. Бүгүнкү күндө 15 реестрге кирген биздин мекеме-уюмдар ошол көлөмдү дагы талаптагыдай бере албай жатышат да. Ошол эле сүттү, балыкты, этти деле. Ооз жүзүндө “биздин өндүргөн продукциялар өтпөй жатат” деп айтып койгонубуз менен атайын реестрге кирген организациялар деле продукция менен 200 миллиондук рынокту өз учурунда камсыздай албай жатышат. Ошол эле учурда биздин товарлар 200 миллион калкы бар рынокко ачылганы менен бизге дагы ал жактан товар кирет да. Ошолорго атаандаштыкка туруштук беришибиз керек. Учурда картошка боюнча да Казакстан менен айрым келишпестиктер келип чыгып, түзүлгөн бул көйгөйдү да эки тараптуу карап, премьер-министр Сооронбай Шарипович жакында Арменияга болгон иш-сапарында Казакстандык кесиптеши менен сүйлөшүп, азыркы маселени алдыдагы июнь айынын 10уна чейин жолугушуп, чечүүнүн алдында турат.

– Жаз мезгилинин акыркы айы бүттү. Маселен, шарты катаал Нарындын Кочкор районунун айрым аймактарында айдап-себүү эми аяктап жатыптыр. Өнөктүктүн ушул убакка чейин созулганына караганда балким керектүү техникалар жетпей жаткандыр. Жетекчи катары ошол аймактарга бир басып барганга даадыңызбы?

– Ал аймактарда дыйкандар үчүн керектүү муктаждыктар жетпей калып, өнөктүк кечигип калды дегенден алысмын. Быйылкы жаз жаан-чачын болгондугуна байланыштуу жазгы талаа иштерине бир топ тоскоолдуктар жаралды. Жер талаптагыдай кургамайынча ага бирдеме себе албайсың да, туурабы? Дагы айтам, дыйкандарыбызда быйыл кандай муктаждыктары болбосун маселе жок. Баары чечилген. Жаан-чачынга гана байланыштуу иштер кечеңдеп жатканы болбосо, калган иш графиктин негизинде жүрүүдө.

– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өлкөнүн кайсы аймагы болбосун төрт түлүктүн катары калыңдап жатпайбы. Алдыда көп жылдык чөптөрдү жыйноо өнөктүгүндө дыйкандарга кандай жеңилдиктерди караштырып жатасыздар?

– Ачык айтайын, чөп чабыкка “мындай же тигиндей жардам беребиз” деп айта албайм. Бирок, ооруп-жыйноочу техникаларды алганга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бердик. Жакында өкмөттүн атайын буйругу менен айыл өкмөттөрүнүн алдында муниципалдык менчик уюштурулуп, МТСтерди курганга толук мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Бүгүн өлкө боюнча 80ден ашык айыл өкмөтү жер-жерлерде МТСтерди куруу боюнча өздөрүнүн заявкаларын беришип, даярдык көрүшүүдө. Бул боюнча Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында бир топ маселелер каралып, мыйзам алкагында аларга жардам берүү маселелери колго алынмай болду.

– Сизди интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдү мыкты колдонгон министр катары билишет. Албетте, интернетти колдонуш өз эркиңиз го, бирок, сыртта жазгы талаа өнөктүгү күч алып, “бок кайнагандай” образ жаралып жатса, сиз үчүн интернетти чукулап, ар ким менен сүйлөшүп, байланышып тургандай убакыт болуп жатабы ээ азыр?

– Ха-ха-ха. Бүгүнкү кырдаал маалыматтын өнүгүшүнүн кылымы деп аталып жатпайбы. Туура, мен социалдык түйүндөрдө эртели-кеч отуруп, жаңылыктардан кабардар болуп турам. Өзүңөр билесиңер, бүгүнкү күндө социалдык түйүндөрдү кичине баладан карыган сакалдууларыбызга чейин колдонушат. Мен социалдык түйүндөргө отуруу менен эл менен да жакындан баарлашып, алардын суроолоруна жооп берип, байланышты күчөтүп турам. Мындай көз ирмемдерди эч качан колдон чыгарбай, пайдаланып туруу керек. Негизинен социалдык тармагым дайым “күйүп” турат. Ал менин ишиме эч качан тоскоолдук жаратпайт. Жолдо жүргөндө же болбосо таңзарда, кечинде жумуштан кийин кирип күндөлүк жаңылыктар менен таанышып, дыйкан-фермерлердин суроолоруна жооп берип турам.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: