Тажикстандын түштүгүндөгү онго жакын пахта тазалоо заводу банкротко кептелүү алдында турат. Буга аймакта эки жыл мурда Кытайдын «Жунтай Дангара Син Силу Текстил» компаниясынын иштей баштагандыгы себеп болду.
«Жергиликтүү ишканалардын көбү атаандаштыкка туруштук бере албай жабылып калды. Анткени кытай компаниясы дыйкандардан пахтанын тоннасын 5850 сомониден (634 доллар) сатып алууда. Биздин заводдордо болсо андай акча жок», – деди аймактагы пахта тазалоо заводдорунун биринин башкы директору Муслихиддин Фазлиддинов.
Анын айтымында, эки жыл мурда анын Восей районундагы заводу 25 тоннага жакын пахта буласын иштеп чыгып, сезон маалында 60-80 жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылып турган. Азыр болсо ишканасы иштебей турат.
«Кытайлыктардын шарттары таптакыр башкача. Аларда жеңилдетилген шартта насыя алууда эч кандай маселе жаралбайт — кытай банктары эч тоскоолдуксуз берет. Буга байланыштуу алардын ишканалары эң акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Мындан тышкары тажик өкмөтү кытай компанияларына бир катар жеңилдиктерди берген. Бизде андай жеңилдиктер жок», – деди ал.
Бийликтин маалыматына караганда, аймакта 14 пахта тазалоо заводу бар. Бирок учурда алардын бешөө гана иштейт — Куляб жана Фархор райондорунда экиден жана Восей районунда бирөө.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ