Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Европалык кызматтын тышкы аракеттер боюнча баш катчысы Ален Ле Руа менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы экономика жана инвестицияларды тартуу жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды.
«Бүгүнкү күндө ЕБ Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Кыргыз өкмөтүнө ар кыл тармакты колдоого багытталган долбоорлорду, программаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө», – деп белгиледи Жээнбеков.
Тактап айтканда, өкмөт башчы белгилегендей, ЕБ Кыргызстандагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты катары мыйзам үстөмдүгүн, коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, билим берүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, суу-энергетикалык жааттагы аймактык программаларды камсыздоо болуп саналат.
Европалык кызматтын тышкы аракеттер боюнча баш катчысы Ален Ле Руа билдиргендей, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн милдет максаттар ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарына дал келет. Ал соода жана экономика тармагындагы кызматташыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Европалык кызматтын тышкы аракеттер боюнча Баш катчысынын көңүлүн өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды өркүндөтүү маселесине бурду.
Инвестицияларды тартуу маселесине тийиштүү Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы аралыкта эл аралык өнөктөштөр үчүн Кыргызстандагы инвестициялык абал боюнча тыкыр маалымат сунушталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ