Menu

Бу саам Бабанов мырза Атамбаевди алдай албайт

Бөлүшүү:

Саясый аренада Өмүрбек Бабановдун өзгөчө орду бар, парламентте болсо, СДПКдан кийин “Республика – Ата Журт” фракциясы көп добушка ээ экени белгилүү. Мындай мүмкүнчүлүгү менен Ө.Токтогулович премьер-министрлик, спикерлик орундарга альтернатива катары чыкканга мүмкүнчүлүгү зор болчу. Өзү чыкпаган күндө дагы партиялаштарынан татыктуу адамды түртүп, бийликке атаандаштык жактан саясый үлгүнү көрсөтсө болмок. Ошондо демократиялык баалуулуктар көркүнө чыгып, парламентаризмди өнүктүрүүгө жол чабат эле. Тилекке каршы, Ө.Бабанов кулагын жапырып, бийликтин астында жалтактаганын жашырбай эле коалициядагы башка фракция лидерлеринен озуп чыгып, спикерди шайлоодо Чыныбай Турсунбековду колдой турганын шардана кылган. Элдин көзү көрөгөч да. “Кошоматка кой сойгондой” позициясы көпчүлүктү ирээнжитип койду. “РАЖ” фракциясы парламентте оппозициялык ролду ойношу керек эле, элдин таламын талашып, бийликти сындоо менен жүздөрүн сактап калуунун ордуна, тескерисинче, жалмаңдоо жагына өтүп алышты. БӨТ ойлоп атат окшойт: “Алмаз Атамбаевдин кареги менен тең айланып турсам, ишенимине акырындык менен кирсем, анан президенттик шайлоого катышууга “добро” алам” деген кыязда. Жо-ок, А.Шаршеновичти алдай албайт. Мурда далай жолу баш айлантып келсе, бу саам андай “фокс-мокстары” өтпөй турганын эшиттик. Ток этери, Ө.Бабановдун соңку позициясынан эле коомчулук түшүндү, ага карата эң төмөн баа бериле турганын күткүлө…

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: