Menu

Душанбеде Тажикстан ИИМинин имаратына кол салуу аракетине айыпталгандар соттолууда

Бөлүшүү:

Душанбе шаардык соту Тажикстан Ички иштер министрлигинин имаратына кол салууга аракет жасоого айыпталган Фархор районунун эки жашоочусунун ишин карай баштады.

Тергөө Орзу Саидалиев менен Лоик Саидалиев террордук “Ислам мамлекети” уюмунун эмиссарларынан буйрук алып, Жаңы жылдын алдында министрликтин өздүк курамы чогулган маалда кол салууну пландаганын аныктаган.

Өз булак карабарлагандай, Орзу Саидалиев менен Лоик Саидалиев терактка даярдык көрүп жаткан маалда кармалган. Атайын операция учурунда алардын жанынан Калашников автоматы жана согуштук граната табылган.

Орзу Саидалиев менен Лоик Саидалиев – жакын туугандар. ИМ эмиссарларынан буйрукту Казакстанда жүрүшкөн маалда алышкан. Кармалган жарандарга карата “терроризм” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тажикстан ИИМи бул велотуристтерге кол салуудан кийинки экинчи ири теракт болуп калмак деп эсептешет. 2018-жылы 29-июлда “Daewoo Leganza” үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы эки чет өлкөлүк жараат алган.

Бул арада Тажикстан башкы прокурору парламент жыйынында сөз сүйлөп, өткөн жылы террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар 29 пайызга кыскарганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: