Хатлон облусунун жергиликтүү бийлиги имамдарга сакалды үч сантиметрден ашык өстүрбөө сунушун берди. Дусти районунун акимчилигинен билдиришкендей, “үч сантиметрлик сакал” тажиктердин динине жана маданиятына шайкеш келет.
Дусти районунун борбордук мечитинин имамы Насрулло Файзуллоев бийликтин чакырыгын колдоого алды. Ал ханафи мазхабын жактагандардын сакалынын узундугу бир тутумдан ашпашы керектигин айтты. Тажикстандын Уламалар кеңеши сакал өстүрүүнүн мындай нормасын 2012-жылы ноябрда кабыл алган.
“Менин сакалым Уламалар кеңеши бекиткен нормага ылайык болчу, бирок район бийлиги аны дагы тегиздөөнү сурады. Азыр сакалымдын узундугу үч сантиметрден ашпайт”,- деди имам.
Эки жыл мурун Тажикстанда сакалчандарга каршы кампания башталган. Бүтүндөй өлкө боюнча милиция узун сакал өстүргөн миңдеген кишини кармаган. Алардын тек-жайы такталып, бармак издери алынгандан кийин күч менен сакалдарын кыркышкан. Сакалдарын албагандарга 150 сомони айыппул салынган. Хатлон облусунда жергиликтүү бийлик 13 миң кишинин сакалын алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ