Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Төртөө бириккен күнү деле Сооронбайдын кылын да кыйшайта алышпайт”

Бөлүшүү:

– Азимбек мырза, көпчүлүктүн көңүлүн бурган төрт саясатчынын биригүүсү боюнча кандай ойдосуз? Кандай комментарий бересиз?

– Булар биринчи айда биригип, экинчи айда ажырашып, үчүнчү айда кайра бириге беришет. Ошон үчүн булар тууралуу эч нерсе айтпай деле койгонум дурус болот го…

– Төрт саясатчынын кимиси президенттикке чыгышы мүмкүн?

– Төрт талапкердин бирөөсүн эле президенттикке аттантаарын айтышты. Эгер андай максаттары бар болсо, неге төртөө тең президенттикке талапкер болуп катталышты?

– Анткениңиз менен “бул топтун аракети бийликтин талапкерине чоң сокку болот”- деп ишеним артып жаткандар да бар го?

– Балким, бийликтин талапкерине сокку болобуз деген максат менен биригишкендир. Бирок, Сооронбайдын кылын да кыйшайта алышпайт. Анткени, Сооронбай шайлоодо канча пайыз менен утуп чыгаары азыр эле болжонуп жатат. Ошол даярдыкты ишке ашырса эле Сооронбай утуп кетет. Анткени, ал бийликтин өкүлү. Ал административдик ресурс менен эле ийгиликке жетип алат. Ошондуктан булар Сооронбайга эмес, Бабановго каршы болушу мүмкүн. Булардын биригип, каршы күч болгону канчалык деңгээлде тоскоолдук жаратат, аны убакыт көрсөтөт.

– Булар кызмат үчүн биригиштиби же алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн биригиштиби?

– Идея үчүн биригишпесе да, алдыга койгон максаттарын ишке ашырыш үчүн биригишти окшойт. Биздин кыймылга окшоп, жакшы-жаман көрүнсө да идея үчүн күрөшүп, улуттук баалуулуктарды жогору коюшса анда кеп башка болмок.

– Эмне үчүн булардай болуп, түндүктүк саясатчылар биригишкен жок?

– Президент баарын өзүм билем деп башкарып жаткандан кийин булар өздөрү гана биригүүгө аргасыз болушту окшойт. Болбосо төрт баатырга окшоп, түндүктөгү саясатчылар деле бириксе болот эле. Президент түндүктөн болгону үчүн түндүктүн басымдуу бөлүгү Сооронбайды, бийликти колдойт. Анткени, “кың” десеңер көрсөтөм деп президент каарын төгүп, өз адамын коюп жатат. Жакшылап байкасаңар түштүктүк Сооронбай президент болот дегени менен президент “бийликти өзүм башкарам” деген коңгуроо кагып жатат.

– Сиз да кайсы бир топ менен биригүүгө барасызбы?

– Биздин идеяны колдогон саясатчылар менен биригебиз. Эгер ушул идеяны колдоп, биргелешип конституциялык реформа кылабыз десе бийлик менен да иштешүүгө даярбыз. Бирок, алар биздин идеяны колдошкон жок.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: