21-августта Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбековдун ордуна жаңы премьер министр шайлоо болот. Маалыматтар боюнча өкмөт башчылыкка президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков менен Бишкек шаар мэри Албек Ибраимовдун талапкерлиги каралышы мүмкүн болуп турат. Бул эки жигиттин учурда иштей турган курагы. Эң негизгиси өлкөнүн экономикасын көтөрүп берүү. Ал эми негизги жоопкерчилик алдыда боло турган президенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү, стабилдүүлүктү сактоо болуп саналат. Бирок экөө тең СДПК фракциясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан талапкерлер, ошол себептүү 21-августта парламентте депутаттар арасында өйдө-төмөн сөздөр айтылып калуусу мүмкүн.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ