Menu

Кайрылуу: Зулпукаар Сапановго куугунтук токтотулсун!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А. Ш. АТАМБАЕВге,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеүешинин

Төрагасы

Ч. А. ТУРСУНБЕКОВго,

Кыргыз Республикасынын

Премьер-Министри

С. Ш. ЖЭЭНБЕКОВго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

Урматтуу Чыныбай Акунович!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

1990-жылдардан бери Кыргызстанда диний уюмдарды, коомдорду түзүп, ММКларга тынбай чыгып, чүмбөттөлгөн араб идеологиясын кеүири жана тереү жайылтып келе жаткан дин фанаттарынын, педафилдик иши боюнча айыпталганы гезиттерге жарыяланган Абдылдаев Дүйшөн башында турган топтун арызынын негизинде кыргыздын мекенчил уулу, кыргызды даүазалап жазган жазуучу, диний-секталардын бетин ачкан журналист Зулпукаар Сапановго карата мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, Манас атанын арбагынан, Теүирдин жазасынан коркпогон прокурор Б.Муназбеков тарабынан 6 жылга камоо өтүнүчү келтирилди. Биз мына ушул жан кейиткен ишке кабатыр болуп, Сиздерге кайрылып отурабыз. Журналист З.Сапановду биз гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугу эү жакшы билет. Бир нече жылдан бери журналистика тармагында үзүрлүү иштеп, саясый жана коомдук окуяларды тереү чагылдырып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө. Элибиздин каада-салты менен маданиятын даүазалоодо бир нече макала, маектерди жарыялаганын жалпы журт билет. Ушул аралыкта журналист З.Сапанов өзүнүн түздүгүн, калыстыктан тайбастыгын, кыргыз үчүн кара башын да аябастыгын көрсөтө алды.

Биз мусулман экенибизди эч кимибиз танбайбыз, бирок ал сырттан, башка элдерден келген жалпы түшүнүк экени эч кимге жашыруун эмес. Эгерде сырттан келген түшүнүктөр биздин ата-бабабыздан калган маданиятыбызга, салтыбызга, тилибизге ж.б. элибиздин ыйык түшүнүктөрүнө коркунуч жаратса жаныбызды аябастан чыгып, ар бирибиз коргоп калганга милдеттүүбүз. Коомчулукка маалым болгондой, бүгүнкү күндө биздин атадан калган баалуулуктарга ачыктан ачык коркунуч туулуп, көз көрүнөө кордолуп жатат. Муну жөнөкөй жарандар гана эмес, президентибиз А.Атамбаев дагы бир нече ирет айтты:

«Мы должны сохранять свои традиции, свою культуру. Тот, кто теряет свои традиции и язык, тот теряет свое государство. Когда я дал распоряжение установить памятник Манасу, против меня объявили джихад».

«Я хотел бы заявить некоторым деятелям и молдо: не навязывайте кыргызскому народу чужую одежду, язык, чуждые традиции! Если вам не нравится кыргызский народ, его земля, никто не против, чтобы вы жили в той стране, среди того народа, который вам нравится».

«Кто хочет сбить с пути кыргызский народ, навязать ему чужой язык и веру, должен быть готов встретить сопротивление. Идите лучше в ту страну, на языке которой вы хотите разговаривать. Поэтому мы готовы на решительные шаги, чтобы защитить и сохранить наш народ, землю, язык, национальные особенности».

“Наши женщины никогда не носили мешки у себя на голове, они всегда были царицами”

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев да бул маселеде өз пикирин билдирген.

«Мы должны остановить навязывание чужих традиций, прикрываясь исламом… Если мы хотим сохранить себя как кыргызы, то должны сказать «нет» чужим традициям Кыргызстан должен открыто выступать против тех, кто носит паранджу, дамбалы и чалму». 

Коомубузда жаралган мына ушундай жагдай-шарттан улам журналист З.Сапанов кыргыздын тили, салты, маданияты жөн жерден жаралбагандыгын өз эмгегинде белгилеп, башаты Кыдыр менен Умайга барарын илимий факты менен тастыктап, кыргыздын улуулугун даүазалаган “Кыдыр санжырасы” аттуу китепти жазыптыр. Китепте диний-секталардагы алешемдиктерди дагы ачыкка чыгарып, өз оюн билдирип, миссионерлерге суроо коюптур, буга анын толук акысы да, укугу да бар. Конституциянын 2-бөлүмүнүн 2-главасындагы 31-берененин 1-пунктунда: «Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу» деп жазылган. Аталган берененин 3-пунктунда: «Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес» деп турат. Ошол эле бөлүмдөгү 33-берененин 1-пунктунда: «Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ» деп белгиленген. Өлкөнүн жараны катары бул жигит өз оюн билдирип жатат. Кыргыз салтында дагы: «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп айтылган. Бирок, З.Сапанов элдерди мечит сыяктуу жерлерге жыйып, же үйлөрдүн эшигин кагып даават жүргүзүп, оюн бирөөгө таүуулап жаткан жери жок. Китепке жазган, каалагандар окуса болот.

Эү негизгиси диний түшүнүк азыркы учурда салт, тил, маданиятыбыздан сырткары, терорризм, экстремизм деген чоү коркунучту жаратууда. Дин азгырыгы менен жүздөгөн мекендешибиз Сирияга кетти. Алардын тагдыры не болот? Бир эле диндин ичиндеги сунит менен шийит деген ажырым мамлекеттерди талкалап, жүзмиүдеген адамдардын өмүрүн кыйууда. Бизден алдуу, бизден күчтүү болгон мамлекеттер экстремизм менен терроризмди токтото албай айласы кетүүдө. Динге берилген балдарыбыз Россияда жардыруу жасады. Ал жакта азыр ондогон мекендештирибиз экстремист катары кармалып, мамлекетибиз дүйнө жүзүнө террорист катары таанылууда. Мындан сырткары, жакында эле Филармониядан жарылуучу зат, андан кийин өзүн жардырууга камынган кыргыз бала кармалды. Көп өтпөй чек арада жардыруу жасаганы жаткан төрт мекендешибиз колго түштү. Бул элибиз үчүн чоү трагедия. Айрым имамдар айбан жасабаган бузуктук иштер менен алектенип, жаш балдарды зордуктап жатканы жаүылык деле болбой калды. Бул да элибизге келген чоү коркунуч. Ошондой эле биздин элде жети атага чейин кыз алып кыз беришпейт, ал биздин салтыбызда сакталуу. Дин таратуучу Чубак ажы болсо: «Шариат боюнча уруксат берилет. Бир туугандын балдары бири бирине үйлөнсө болот» деп, ата салтына каршы идеяны ачык таратууда. Айтор, атадан калган тилге, салтка, маданиятка каршы иштер күн сайын жасалууда, бул бизди кабатыр кылып жатат. Кордукка чыдабаган маданият кызматкерлери да баш көтөрүп, жакында белгилүү куудул Күмөндөр Абылов: “Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салмак” деген жан дүйнө кыйкырыгын чыгарды.

Мына ушундай иштердин алдын алууда өз эли үчүн журналист З.Сапанов Опол тоодой эмгекти жасап, Манас атабыздан калган салтты, маданиятты, тилди, кийимди даүазалап, кара башын аябастан коомго коркунуч келтирген нерсенин бетин ачып, чоү институт аткара турган ишти жасап койду. Тилекке каршы, баалуу эмгекти колдогондун ордуна, дин деген шылтоо менен азыр журналистти жазага тартып, башка элдин маданиятын сиүирүүгө аракеттенген Д.Абдылдаевге окшогон сабатсыз молдолордун, кыргыздын маданиятын талкалап, арабдарга кул кылууга белсенген фанаттардын тизесине басып бергени турабыз. Мунубуз үчүн бизди Кудайдын өзү дагы, ата-бабанын арбагы да кечирбейт. Маселен биз мындай ишке чыдабайбыз. Манастын, кыргыздын намысын талашкан жигитти жерде калтырсак, элдүүлүгүбүздү жоготобуз. Эгер андай жазалай турган болсок, эү биринчиден мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыгып, далайдан бери Жаүы Жыл менен Улуттук Нооруз майрамды «арам» деген Чубак ажыдан башташыбыз керек. (видео далил бар). Экинчиси, киши кайтыш болгондо кошок кошкон улуу салтыбыз бар, азыр төкмө акындар аны колго алып, жоктоо ырларын кеүири жазууда. Динге чулганган фанаттар кошок коштурбай, салтка каршы чыкканын көрүп жүрөбүз. Ал эми Өзбек ажы: “Өлүктөргө концерт уюштурбаш керек. Элмирбек сыяктуу акындарды жалдап алып, жок нерселер менен мактатып жатпайбы. Бул шермендечилик” [“Учур” гезити, №18 10-май, 2012-ж.] деп, акындарыбызга акаарат келтирүүдө. Бул улуттук намыска шек келтирет, жазага тартылыш керек. Үчүнчүсү, биздин жүзүбүз болгон, элибиздин атадан калган мурасы болгон комузга түкүргөн диний ишмер Өзбек ажы: “Пайгамбарыбыз кылдуу инструменттер жарабайт” деген… (Комуз) Кылдуу болгондугу үчүн пайгамбарыбыз тыюу салган нерсеге кирет. Комуз гана эмес, пианино, скрипка дегендерди да кошсок болот” [“Учур” гезити, №19 (185), 17-май, 7-15-б., 2012-жыл.] деп, улуттук комузга асылууда. Бул да кыргызга шек келтирет, булар токтоосуз түрдө жазасын алашы керек. Эү эле өкүнүчтүүсү, кыргыз үчүн эү ыйык болгон Манас атабызды шылдыүдап, бабабыздын баянын дин аалымы Чубак ажы: «аферист» деди (видео далили бар). Бул ар бир кыргыз баласынын башына чабылган камчы. Мындай басмырлоого качанга чейин чыдайбыз!

Кыргыздын айкөлдүгүнөн пайдаланган молдолокелер нарктуу элибиздин ыйык нерселерине шек келтирип жатса унчукпай, анан Манас атабыздын намысын талашып, кыргыздын улуу эл, ыйык журт экендигин даүазалаган журналистти жазалоонун аягы жакшылыкка алып барбайт. Биз ата-бабабыз мураска калтырган, Манас атабыз баш болгон бабаларыбыз каны, жаны менен сактап, энчилеп берген Кыргыз деген улуу мамлекетте жашап жатабыз. Тарыхчы Баяс Турал: “Кыргызды “кыргыз” кылып, урууларды бириктирип, азыркы турган жерин мекенге айлантып, аны кийинки урпактарга мурас кылып калтырып кеткен Мухамммед пайгамбар эмес, дал ушул Манас атабыз болгон” деп эү туура айткан. Демек, биздин өлкөдө Кыргыз менен Манасты даүазалагандар эмес, тескерисинче бөтөн элди ээрчип, атадан калган салтка, маданиятка, тилге, комузга шек келтирип, кыргыз баласы үчүн эү ыйык болгон Манасты “аферист” деп шылдыүдагандар соттолуш керек! Элибиз айкөлдүгүнөн улам ушул кезге чейин чыдап, бабадан калган тили, салты, маданияты гана эмес, атасына чейин кордотуп келди. Бирок, чыдамдын дагы чеги болот. Эгер намысына чыйралган кыргыздар толкуп кетсе, Манастын урпактарын мөндүрдөй жааган ок дагы токтото албайт. Ага 25 жылдын ичинде үч ирет күбө болдук. Кыскасын айтканда, араб маданиятын ыйык туткан фанаттардын айынан диний кырдаал азыр бышып жетилип, элдин чыдамы чегинен ашып, кимдир бирөө баштап жиберсе уруш-талаш чыгып кетүүчү процесс кайнап, жарылганы калды.

СИЗДЕРДЕН,

  1. Жазуучу, журналист Зулпукаар Сапановдун артынан түшүп, катар-катары менен сотко берип, куугунтукка алып, жазага тартууну токтотууну;
  2. Тынч жаткан элге “Куранды” которуп, чыгамчылдыкты өзү жасап, анан ага шилтеме жасаган кишилерге карата арыз жазган Абдылдаев Дүйшөндүн ишин текшерүүгө алып, кайдан келген каражатка которгонун, китептер не себептен кайдан чыкканы жана нускасы көрсөтүлбөгөнү текшерилишин;
  3. Журналист Зулпукаар Сапановдун үстүнөн сотко жана башка органдарга, Өлкө бийлигине кат жазып, кысымга алган Абдылдаев Дүйшөндүн жана анын коштогон тобунун диний ишмердүүлүктөрүн атайын кызматтар аркылуу текшертип, чет өлкөлүктөр менен байланышын жана акча каражат алуу маселесин иликтетип, далилденсе мыйзам чегинде чара көрүү тууралу сот органдарына, ж.б. укук коргоо органдарына тапшырма берүүүүздөрдү.

                                                                                                                       ӨТҮНӨБҮЗ

Топчубек Тургуналиев, Манастаануу институтунун башчысы;

Асан Жакшылыков, Кыргыз эл жазуучусу;

Кубатбек Байболов, экс-Башпрокурор;

Өмүрбек Абрахманов, экс-Жогорку Кеүештин депутаты;

Эдил Байсалов, коомдук ишмер;

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор;

Адил Турдугулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси;

Асланбек Малиев, “Аалам партиясынын лидери;

Турсунбек Акун, укук коргоочу;

Дөөлөт Нусупов, “Асаба” кайра жаралуу партиясынын төрагасы;

Анарбек Усупбаев, “Манас-Ордо” коомунун президенти;

Абдымамбет Сариев, Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү;

Күмөндөр Абылов, Кыргыз эл артиси;

Баяс Турал, тарых илиминин кандидаты;

Эмил Каниметов, И.Арабаев ат. КМУнун проректору;

Бекен Назаралиев, “Жаүы Ордо” гезитинин ээси;

Асланбек Сартбаев, “Азия-Ньюс” гезитинин Башкы редактору;

Амантур Мусагул уулу, “Де-Факто” гезитинин Башкы редактору;

Руслан Замирбек уулу, «Мантыш» гезитинин Башкы редактору;

Наралы Асанбаев, “Жаүы Ордо” гезитинин Башкы редактору;

Арстанбек Абдылдаев, “Ауирдин” ЖЧКсынын жетекчиси;

Бакыт Мамаев, Маданияттын мыкты кызматкери;

Шаршеналы Кожогулов, “Уйут-Кут” кайрымдуулук фондунун жетекчиси;

Гүлзат Аалиева, “Уюткулуу улуу журт” кыймылынын жетекчиси;

Дөөлөт Сыдыков, Манасчы;

Жумадин Кадыров, “Улуу Тоолор” басмасынын жетекчиси;

Төлөгөн Карыкеев, журналист;

Кубанычбек Тезекбаев, “Тай-Тебиш” федерациясынын президенти;

Кубаныч Зайнидинов, журналист;

Улан Турдалиев, Ж.Баласагын ат КУУнун окутуучусу; ж.б. 84 кишинин колу коюлган.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: