Menu

Тажикстанда КВН башчысынын иши боюнча сот 25-июнда уланат

Бөлүшүү:

Хожент шаардык сотунун имараты

20-июнда Хожент шаардык сотунда тажик КВН командасынын капитаны Хайрулло Мирсаидовдун иши боюнча угуулар уланды.

Прокуратура аны КВН командасы үчүн бюджеттен бөлүнгөн 125 миң сомонини (13,8 миң доллар) өзүнө алып алган деп айыптоодо. Сотто 25 күбөнүн 15и гана көрсөтмө берди, калгандары түрдүү себептер менен отурумга катышкан жок. Жыйынтыгында сот угууларды 25-июнга жылдыруу чечимин кабыл алды.

Күн мурун Согди облустук жаштар иштери боюнча башкармалыктын башкы эсепчиси Наби Турсунова учурда Хайрулло Мирсаидовдун 17,6 миң сомониден ашыгыраак карызы бар экенин, бирок алар ал кармалгандан кийин пайда болгонун айтты. «Ал КВН командасы оюндарга катышып келгенден кийин дайыма өз учурунда отчет берип, карыздарын жаап келген», — деди Наби Турсунова.

Бюджеттик каражатты коротууга, документтерди жасалмалоого жана жалган көрсөтмө берүүгө айыпталып жаткан журналист жана тажик КВН командасынын капитаны Хайрулло Мирсаидовдун иши боюнча сот жараяны 8-июнда башталган. Алгачкы отурумдарда Мирсаидов жалган көрсөтмө берүү айыбын толугу менен четке кагып, бюджеттик каражатты коротуу жана документ жасалмалоо айыптарын жарым-жартылай моюнуна алган.

39 жаштагы Мирсаидов былтыр декабрда Хожент шаарындагы аткаминерлердин жемкорлугун тыюуну өтүнүп, президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна ачык кат жазгандан бир нече жумадан кийин кармалган.

Облустук прокуратуранын тергөөчүсү Рауфхон Ализода Хайрулло Мирсаидов КВН командасы үчүн бюджеттен бөлүнгөн 125 миң сомонини өзүнө алып алган деп айыпталып жатканын билдирген. Өз кезегинде Мирсаидов бул акча команданын Орусияга барып келишине коротулганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: