Астана шаарында болуп өткөн жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык “Самгау” театр фестивалында М.Рыскулов атындагы Нарын облусттук музыкалык драма театры белгилүү драматург, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Маң” спектакли менен катышып, жемиштүү кайтышты. Аталган спектаклдин башкы каармандарынын биринин образын театрдын директору Темирлан Сманбеков аткарып, “Эркектердин эң мыкты ролу үчүн” номинациясын жеңип алды. Куттуктайбыз!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ