Menu

Клара Сооронкулова, юрист: “Жыйынга Атамбаевдин туугандары менен албууттанган жакындары келип алышыптыр”

Бөлүшүү:

Кой-Таш айылындагы 7-8-август күндөрүн тескеген мамлекеттик комиссия мүчөлөрү айылдын тургундары менен атайын барып жолугушуп, ал жыйынтык бербей, ага курулай убакыт корогонун комиссия мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова билдирди.

Анын айтымында, көчмө жыйынга жапа чеккендер эмес, жалаң Алмазбек Атамбаевдин туугандары келип алгандай. “Албетте, алар маселени объективдүү карай алышкан жок. Жыйынга нак күбөлөр келгенде, сөз башкача болмок. Бирок жыйынга Атамбаевдин туугандары менен албууттанган жакындары келип алышыптыр. Үч саат бою кыйкырып-өкүрүп, эпсиз айып коюу менен курулай убакыт өтүп кетти. Атамбаевдин тарапташтарынын кызыкчылыгы үчүн комиссия окуянын майда-чүйдөсүнө чейин изилдегенге аракет кылды. Анан келип сүйлөгөндөрдү гана угуп олтуруп, ушунчалык саткын, мыйзамдан тыш болуп калганыбызга ишендим. Кой-Таш жана Арашан айылдарындагы тургундардын сөздөрүнөн регионалдык маселе кабыргасынан коюлуп туруп алды. Кайра-кайра эле Ош окуясында 100 миң сом алып, тополоң баштагандарды айтып туруп алышты. Бул жакшы жышаан эмес, комиссия мындай дооматтарга өз пикирин билдирип турушу керек. Кой-Таш айылындагы окуя мамлекет менен коомдун ортосундагы алаканын оор чегине жеткенин айкындап койду. Эгерде эл сотко ишенбесе, расмий божомолду четке какса, албууттануу күчөй берет. Буга тергөө менен сот чекит коюшу кажет” – дейт Клара Сооронкулова.

Эскерте кетсек, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия кечээ, 26-сентябрда кезектеги жыйынын Чүй облустук администрациясында өткөргөн. Ал жыйынга Кой-Таш, Арашан айылынын тургундары чакырылган. Тилекке каршы, жогоруда Клара Сооронкулова айткандай, нак күбө, анда жапа чеккендер эмес, жалаң Атамбаевдин тарапташтары, туугандары барып алышканын, алар ажылдашканына баарыбыз эле күбө болдук го. Атүгүл Атамбаевдин Бүажар аттуу мурунку аялынын апасы Гүласал Теңизбаева да барып алып, Атамбаевди жактап, коргогонун, Исмаил Исаков түрмөгө түшүп калганда, аны коргоп көчөгө чыкканын айтып, убакытты алды. Анын айткандары, ал жерге эч тиешеси жок болчу…

Мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлүп, ишти тыкыр изилдеп, иликтөөгө бир ай убакыт берилген. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Алардын жыйынына Атамбаевдин жакын адамдары, депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина үч жолу чакырылган, алар жооп берүүдөн баш тартып, качып жүрүшөт. Мамкомиссия бул ишти тыкыр изилдеп бүткөндөн кийин, калыс бүтүм чыгарып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: