Конституциялык палатанын экс-соту Клара Сооронкулова 7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиядан чыгуу ниетин бүгүн, 20-сентябрда билдирди.
Анын айтымында, аны жана Бишкек станциялык тез жардам кызматынын дарыгери Жаркынбек Касымбековду комиссиянын мүчөсүнө киргизишкен. Бирок Клара Сооронкулова бир дагы жолу жыйынга катышкан эмес.
“Мен каалабаганым үчүн чыккым келген жок. Мени эч ким чакырбайт. Жада калса комиссия кайсы күндөрү чогулуп жатканын дагы билбейм. Анда менин ал жакка эмнеге керекмин? Андан көрө чыгам”- деди Клара Сооронкулова.
Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия Кой-Таштагы “Альфа” антитеррористтик атайын күчтөрдун катышуусу менен өткөн окуяны ким даярдаганын иликтейт.
Мындан тышкары, комиссия өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевди кармагандан кийин эмнеге дароо милициянын атайын ыкчам жооп курамасына алып барбаганын да такташы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ