Menu

“Ооруп” жаткан Атамбаевдин абалын бир дагы түрк чиновниги сурап барбай койду

Бөлүшүү:

Турция тарап Атамбаевди “суз” кабыл алып, анын ден-соолугун сурап бир да чиновник басып келбегени таң калдырат. Бирок мунун себеби бар. Бир кезде “Эрдоган абимиз бар, кредиттер бар! Акча бар!” – деп жагалданып, анысына ээрип кеткен Эрдоган  Кыргызстандын 50 млн $ карызын кечип таштаганын билесиңер. Араба суудан өткөн соң “арбаңыз” дегенге жарабай коймо мүнөзү бар тура ажобуздун, анысын бир учурда “Эжем мени болбос оюма койбой президент бол деп, силерге жөнөттү айланайын калк” – деп желпилдеп турган Атамбаев 31-августа Роза эжесине көрсөтпөдүбү. Баягы “күчүгүм, күчүгүм” десе, күчүгү “түтүгүн” көргөзгөндөй… Бул эми башка кеп.

Кеп Түркияда. Мына ошол Атамбаев апчесине кылган кылыгын Россия менен Түркиянын мамилеси сууган маалда Эрдоганга да көрсөткөн… Аны да билесиңер. Эми “өз башына кара булут айланып”, элге батпай, “мародерчулугу” билинип, кыжаалатчылыктан жүрөгү кармап Туркияда түнөп калган Атамбаевге түрктүн бир да чоңу жүгүрүп келген жок. Келсе, түрк маалымат булактары жазып чыгышмак. Демек алар да “килейген түтүктү” көргөзүштү көрүнөт.

Алмаз Шаршенович “оозуна келгенди оттоп” сүйлөйм деп жүрүп назардан калып бүткөндөй… Эми Россияга кетти. Ооруп жатат… Бирөө басып келди деп уктунарбы?  “Александр Невский” сыйлыгын берип жатышпады беле кечээ эле…  Баягы Кыргыздын “эт” бергени “кет” дегени демекчи, орустун “орден” бергени : “давай до свидание” дегени эмеспи…?

Дайырбек Орунбеков, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: