Кечээ, 21-август күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК Башкармалыгынын Төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ч.Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.
Б.Сартбаев инвестицияларды тартуу боюнча «Kazakh invest» АКнын ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берди, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарабы менен кызматташууга кызыкдарлыгын жана тажрыйба алмашууга, КР адистери үчүн стажировка уюштурууга даярдыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ