Menu

Атамбаев жер төлөнү кантип менчиктештирип алган?

Бөлүшүү:

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты намандын башы чыгыптыр” деген ушул… Мурдагы президент Атамбаев ар качан уулдары, кыздары мамлекетти башкаруу иштерине аралашпаганын, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс экенин айткандан жадачу эмес.

Бирок Атамбаев камакка алынгандан бери анын жакындарынын да “былыктары”, мыйзамсыз иш-аракеттери ачыкка чыга баштады. Аз күн мурда улуу баласы Сейит Атамбаевдин кайын атасынын үйүнөн Кой-Таштагы элге таратылган акчалардын эсеби, келген элдин тизмеси жазылган кагаздар табылды. Андагы жазылгандарга ылайык, Кой-Таштагы хан сарайга келген элге 25 млн. сомдун тегерегиндеги акча таратылгандыгы маалым болууда.

Ал эми буга удаа Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн №73 үйүнүн жашоочулары Алмазбек Атамбаевдин улуу кызы Динара Атамбаева үйдүн жер телөөсүн бүтүндөй ээлеп алып, өз билгенин кылып, жашоочуларга тоскоолдуктарды жаратып келерин айтып чыгышты. Алардын айтымдарында, жер төлөнү Алмазбек Атамбаев 1990-жылдардын башында “жазуучулар үчүн адабий клуб болот”- деп менчиктештирип алган. Атүгүл анын ачылышына улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да катышкан. Бирок көп өтпөй жазуучулардын адабий клубу жабылып, ал жерге Атамбаевдин кызы Динара Атамбаева “Нооруз” ресторанын ачып иштеткен. Ошол учурда тамак-аш ачык абада даярдалып, андан чыккан жыт, түтүн жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратып, коммуникацияга жетүүдө да кыйынчылыктар пайда болгон. Буга байланыштуу жашоочулар менен Динара Атамбаеванын ортосунда пикир келишпестиктер орун алып турган.

Москва көчесүндөгү №73 үйдүн жер төлөсүнүн бүгүнкү тагдырына кызыкканыбызда, ал жерди Атамбаевдин кыздары Динара менен Диана бизнес обьект катары пайдаланышып, юридикалык тараптарга ижарага берип келишери маалым болду.

Көрүнүп тургандай, мурдагы ажобуз Жазуучулар союзуна берилген акчаны мойсоп эле тим болбостон, жазуучулардын атына жамынып алып жер төлөлөрдү да өздүктөп алган экен.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: