Кечээ, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште акыйкатчынын 2018-жылдагы адам укуктарын коргоо боюнча отчету угулду. Анда депутат Жанар Акаев Кыргызстанда туш тарапта акыйкатсыздык экенин айтты.
“Азыр Кыргызстанда баардык тармактарда акыйкатсыздык, адилетсиздик орун алган. Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз накта карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Бирок, сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз. Чек араны айтып чыккан жергиликтүү кеңештин депутаттарын суракка алып жатасыздар. Ошолор туура айтып, эки күн мурун коңгуроо каккан экен. Бизде ушундай туш-тарапта адилетсиздик орун алууда” – деди эл өкүлү.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ