Menu

Uzbekistan Airways жүргүнчү ташыган учактарды жүк ташууга ылайыкташтырат

Бөлүшүү:

Uzbekistan Airways компаниясы жүргүнчү ташуучу Boeing-767-300-ER учактарын кайрадан жабдып, жүк ташууга ылайыкташтырып жасайт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөдө жүргүнчү ташыган каттамдар токтотулганына жана жүк ташууга суроо-талап жогорулаганына байланыштуу кабыл алынды.

Эконом-класстагы учактардын отургучтары алынып, алардын орду жүк коюуга ылайыкташтырылып жасалат. Бул учак менен кошумча 20 тоннага чейин жүк ташууга мүмкүндүк берет.

Жүк ташууга ылайыкташтырылып жасалган алгачкы учак бүгүн 21-апрелде коммерциялык пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: